Казуар сымалдар (лат. Casuariiformes) - жалпак төштүү куштар түркүмү. Буту үч манжалуу. Жүнү кылдуу. Эки тукуму (казуарлар жана эму) бар. Казуар сымалдардын башында мүйүз өсүндү "таажысы" болот, моюну ачык түстөгү калың терилүү, жүнү жок. Салмагы 80-90 кг. Жүну кара, кыпчыктуу. Толук өсүп жетилбеген канатында узун мүйүз өзөк - чалгын канатынын калдыгы бар. Буттары күчтүү, 3 манжалуу, ич жакка караган манжасынын тырмагы курч, ал коргоочу кызмат аткарат. Жаңы Гвинеяда, ага коңшулаш аралдарда жана Австралиянын Түндук-Чыгышындагы тропик өлкөлөрүндө 3 түрү кездешет. Тез чуркайт(саатына 40 км), жакшы сүзөт. Моногамдар, уясын жерге салып, 3-8 жумуртка тууйт, аны эркеги басып, жөжө чыгарат. Дарактан түшкөн мөмө, урук(дан), курт-кумурска менен азыктанат.

Thumb
кадимки казуар.

Калып:Bio-stub

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.