Ит уйгак
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ит уйгак — бир жылдык чөп өсүмдүк. СССРдин бардык жеринде кездешет. Анын чөбү дарылык касиетке ээ. Балдарды киринтүүдө — антисептик каражат; диатезди дарылоо үчүн да колдонулат. Ит уйгактын суу маңызы боор, көк боор ооруларында, ар кандай тери борусунда пайдаланылат. Майдаланылган 15 г чөптү 1 л кайнак сууга бир түнгө чылайт да, чыпкаланган маңызын жарым кашыктан күнүнө 3—4 жолу ичсе болот.