From Wikipedia, the free encyclopedia
Ит сымалдар (лат. Canidae) – жырткычтар түркүмүндөгү сүт эмүүчүлөр тукуму. Дене узундугу 40 смден (майда түлкүлөр) 160 смге (карышкыр) жетип, башы сүйрү, тумшугу кууш, кулагы тик, куйругу узун. Алдыңкы буттары 5, арткысы 4 манжалуу; тырмагы мокок, жүнү жыш. Түсү ар кыл. Антрактидадан башка бардык материкте 14 (же 12) уруусу, 35 түрү таралган.
КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусунун 8 түрү, Кыргызстанда карышкыр, түлкү, ак түлкү, кызыл карышкыр, жанат сымал ит, чөө кездешет. Узак убакыт түгөй куруп жашаган моногамдар. Түрдүү ландшафттарды мекендеп, ийин же үңкүрдө жашайт. Ит сымалдар көбүнчө күүгүмдө жана түнкүсүн активдүү. Жылына 1 жолу 3–4, кээде 13–16 алсыз күчүк тууйт. Азыгын аңдып жүрүп кармап жейт, жыт сезүүсү жакшы өөрчүгөн. Ит сымалдардын көбү териси баалуу айбанаттар. Баалуу тери алуу үчүн түлкүнүн айрым түрү капаста багылат. Алар айыл чарбага зыян келтирүүчү кемирүүчүлөрдү кырат; куштарга, пайдалуу сүт эмүүчүлөргө, малга кол салып, зыян келтирет. Ит сымалдар кутурманын козгогучун алып жүрүп, аны таратышы ыктымал. ТКЭСтин кызыл китебине 8 түрү, 2 түрчөсү катталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.