From Wikipedia, the free encyclopedia
Инсектициддер (лат. insectum – курт-кумурска жана caedo – өлтүрүү, жок кылуу) - айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылууда колдонулуучу химиялык зат. И. зыянкеч курт-кумурсканын организимине кирүү жолдоруна жараша 4 топко бөлүнөт: ичеги-карын И-рине (оозу аркылуу кирет) мышьяктын орг. эмес бирикмелери, кремний фториди жана металл фториди, тиодифениламин жана атайын каражаттардан (эйлан, митин, ирган жана башка) кирет; териси аркылуу өтүүчү И-ге фосфор, хлор, азот жана күкүрттүн орг. бирикмелери, пиретрин жана пиретроиддер кирет; системалуу же ичте өсүүчү И-ди (метилмеркаптофос, фосамид жана башка) курт-кумурскалар азыктанганда өсүмдүктүн тамыры жана жалбырагы менен кошо жутат; фумиганттар же дем алуу И-ри (гексахлорбутадиен, дихлофос жана башка) курт-кумурсканын организмине буу же газ абалында дем алуу учурунда кекиртек аркылуу кирет. И. эмульсия, дуст, аэрозоль, суюктук, карандаш, таблетка, нымдалышма күкүм жана башка түрүндө чыгарылат. И-дин адамга жана малга зыяндуу таасиринен сак болуу үчүн аларды колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.