From Wikipedia, the free encyclopedia
«Имитация оюну» (англ. The Imitation Game; ору. Игра́ в имита́цию)- 2014-ж. чыккан Алан Түрингдин өмүр баянын чагылдырган Эндрү Ходжестин "Энигма" чыгармасынын негизинде тартылган америкалык тарыхый драма, триллер кинотасмасы. Башкы каарманды - чыныгы жашоодо Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Британ өкмөтүнө Германиянын чалгындоо коддорун чечмелеген британиялык криптоаналитик Алан Түрингди - Бенедикт Камбербэтч ойногон. Ошондой эле, башкы каармандарды Кира Найтли, Меттү Гуд, Рори Киннэр, Чарли Дэнс жана Марк Стронг ойношкон.
Имитация оюну | |
---|---|
Имитация оюнунун ырасмий постери | |
Режиссеру | Мортен Тилдум |
Продюсер |
Нора Гроссман Идо Островски Тедди Шварцман |
Сценарийи | Грэм Мур |
Оператору | Оскар Фаура |
Негизинде | "Энигма" Эндрү Ходжес |
Тартылгандар |
Бенедикт Камбербэтч Кира Найтли Меттү Гуд Рори Киннэр Чарли Дэнс Марк Стронг |
Музыкасы | Александр Деспла |
Студия |
Black Bear Pictures Bristol Automotive |
Жайылтуучу | The Weinstein Company |
Чыккан жылы | 2014 |
Узактыгы | 114 мүн. [1] |
Өлкөсү | АКШ |
Тили | англис |
Бюджети | $14 млн. [2] |
Киреше | $233.6 млн. [3] |
"Имитация оюну" коммерциялык ийгиликке жетишкен жана сынчылар тарабынан жылуу кабыл алынган. Өндүрүш бюджетти $14 млн. болгонуна карабастан, дүйнө боюнча $233 млн. чогултуп, 2014-жылдын эң көп киреше тапкан көз карандысыз тасмасы болуп калган. 87-Оскар сыйлыгында сегиз номинацияда көрсөтүлүп, анын ичинде, "Мыкты фильм", "Мыкты режиссер", "Мыкты актер" (Б. Камбербэтч), "экинчи пландагы мыкты актриса" (К. Найтли), кийинчерээк "Мыкты ылайыкташтырылган сценарий" номинацияларын утуп алган. Ошондой эле 72-"Алтын глобус сыйлыгы" беш номинацияга, 21-"АКШ киноактерлорунун гилдиясы" 3 номинацияга, анын ичинде, "Оюн кинодогу мыкты аткаруучу курам" номинациясында көрсөтүлгөн. Жана дагы, BAFTA сыйлыгынан "Мыкты фильм" жана "Мыкты британ фильми" менен бирге жалпысынан тогуз номинация, 39-Торонто эл аралык кино фестивалында "Элдин тандоосу" сыйлыгын утуп алган.
Тасма тарыхый айрым окуяларды, Түрингдин мүнөзүнүн жана мамилелерин чагылдыруудагы айрым так эместиктер үчүн сынга алынган. Ага карабастан, ЛГБТлардын жарандык укуктарын коргоочулар жана саясий лобби уюмудар Түрингдин мурасын кеңири аудиторияга алып чыккандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда британиялык окумуштуу Алан Түринг башында турган код чечмелөөчүлөр тобунун немистердин маалыматты код менен коргогон Энигма (Enigma machine) машинесин кодун жандыруудагы ийгилиги тууралуу баяндайт.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.