From Wikipedia, the free encyclopedia
1331 жылы кадимки Түркиядагы Изник шаарын (грециялык Никей, түркиялык Бурса шаарынан анча алыс эмес жерде) чалгындоодон кийин, Султан Орхандын (1326—1359 жылдарда Осман мамлекетинин экинчи ханы) демилгеси менен, чалгынга катышып, курман тапкан тайманбас кыргыз баатырларынын эрдиги үчүн аларга атайын арналып күмбөз салынган. Ал заманда күмбөз жөндөн жөн жерде салынбайт эле - Кыргыз жоокерлери укмуш баатырлыкты көрсөтүшкөн.
Күмбөздүн ысмы «Kyrgyz Turbesi», түрк тилинен "Кыргыз күмбөзү" деп которулат. Тарыхий маалыматтардын жоктугуна байланыштуу кийинчерек эл оозунда бул жерлерди: Hacı Camadan (Джамадан Хаджи), Camasa, Kırk Kızlar (40 кыздар), Reyhan (Базилик), Yedi Kardeşler (7 бир тууган) деген ар түрлүү ысымдарды коюп жатышты. Бир нече жыл мурун күмбөздүн жанына колодон куюлган эстелик орнотушкан. 2008 жылдын март айында Изник шаарынын жергиликтүү өкмөтү тарабынын ал жерде кайра калыбына келтирүү иш-аракеттерин кылышкан.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.