From Wikipedia, the free encyclopedia
Загрос - Ирандагы тоо тутуму, Иран тайпак тоосунун түштүк-батышында. Узундугу 1600 км дей, туурасы 200-300 км, бийиктиги 4548 м ге чейин (Зердкух чокусу). Негизинен акиташ жана сланец тоотектеринен түзүлгөн. Түндүк-батыштан түштүк-чыгышка карай жарыш созулган бир нече тоо тизмегинен турат. Алар кууш өрөөндөр менен бөлүнгөн. Карст кубулушу өөрчүгөн. Тоолуу чөл өсүмдүктөрү, түндүк-батышын бадал жана сейрек токой ээлейт, өрөөндөрүндө шор жерлер, көл бар. Нефть кендери ачылган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.