Жүзүм үлүлү
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жүзүм үлүлү (лат. Helix pomatia, L.) - өөк буттуу моллюскалар классындагы омурткасыз жаныбар.
Жүзүм үлүлү Европада кеңири таралган. Алар токойдун четинде, паркта жана бадалдуу жерде жашап, топуракта кыштайт. Көбүнчө өсүмдүктөрдүн жалбырагы жана чириндилер менен азыктанат. Түштүк жана Түштүк-Батыш Европанын калкы аны тамак катары колдонот. Ал айыл чарбасына зыянсыз.