![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/78/Stuart_Mill_G_F_Watts.jpg/640px-Stuart_Mill_G_F_Watts.jpg&w=640&q=50)
Жон Стюарт Милль
From Wikipedia, the free encyclopedia
Милль, Жон Стюарт (англ. John Stuart Mill, 1806—1873) — англиялык философ, экономист, коомдук ишмер. Милль Лондондо туулган. Анын атасы Жеймс Милль «Британиялык Индиянын тарыхын» жазган жана уулуна эң сонун билим берген. Он жашында ал грекче жана латынча шар сүйлөп, он бир жашында атасы жазган китепти окуганга жарап калат. 1823—1858-жылдарда Ост-Индия компаниясында кызмат өтөйт. Өзүнүн «Өмүр таржымалында» ал жаш курагын толук сүрөттөп жазат. Жыйырма жаш курагында өтө күчтүү депрессияны башынан өткөрөт, муну ал өзүнүн эмоциясынын начарлашы менен түшүндүрөт». Кийин бир китепти окуп отуруп ыйлайт, ошондо ал өзүндө али да терең эмоциялык сезим бар экенин түшүнүп, көңүлү ордуна келип, оңоло баштайт.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/78/Stuart_Mill_G_F_Watts.jpg/640px-Stuart_Mill_G_F_Watts.jpg)