From Wikipedia, the free encyclopedia
Жибек көпөлөктөрү (лат. Bombycidae) – көпөлөктөр тукуму. Бул көпөлөктөрдүн эжеке бээ саасынын (гусеницасы) куурчакчага айланардан мурда жибек жип бөлүп чыгарып, ага өзү оронуп, пиллага айланат. Денеси муунактуу, алдыңкы канаты кайкы; оозу рудименттүү, муруттары тарамданып турат. 300дөй түрү белгилүү. Жибек көпөлөктөрүнун эжеке бээ саасынын жип безинен бөлүнүп чыгуучу буласы (жибек жип) – татаал амин кислоталар комплекси. Ал жип туруктуу фиброинден туруп, сырты эрип кетүүчү серицин менен капталган. Анын 20га жакын түрү бар. Жибек көпөлөктөрүнүн ичинен (тыт жибек көпөлөктөрү) жибек пилласын түзүп, андан жибек жиби алынат, ал жибекчиликте пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө тыт жибек көпөлөктөрү, Кытай, Японияда эмен жибек көпөлөктөрү өстүрүлөт. Жибек көпөлөктөрүнүн жапайы түрлөрү бак-дарактарга зыян келтирет. Ошондуктан аларга каршы күрөшүү чаралары жүргүзүлөт. Жапайы тыт Ж. к. мурдагы СССРдин Кызыл китебине катталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.