![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/3/3e/Flag_of_New_Zealand.svg/langky-640px-Flag_of_New_Zealand.svg.png&w=640&q=50)
Жаңы Зеландия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жаңы Зеландия - Тынч океанынын түштүк-батышындагы мамлекет. Кук кысыгы аркылуу бөлүнгөн Түндүк (аянты 114,7 миң км2) жана Түштүк (150,6 миң км2) аралын, ошондой эле жамаатташ (Стьюарт, Сиэрс, Грейт-Барриер жана башка) жана обочо жайгашкан (Чатем, Антипод, Кермадек, Кэмпбелл жана башка) аралдарды ээлейт. Жаңы Зеландияга Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү Токелау, Кук, Ниуэ аралдары да кирет. Шериктештикте. Жалпы аянты 270,5 миң км2. Калкы 4 млн (2004). Борбору Веллингтон. Акча бирдиги жаңы зеландия доллары. Расмий тили англис тили. Административдик-аймактык жактан 16 районго бөлүнөт.
Жаңы Зеландия | |||||
| |||||
Гимн: «God Defend New Zealand» | |||||
![]() | |||||
Эгемендүүлүк күнү | Доминион: 26-сентябрь 1907-жыл Вестминстерский статут: 11-декабрь 1931-жыл (25-ноябрь 1947-жылы кабыл алынган) | ||||
Расмий тили | англис тили, маори тили | ||||
Борбор шаары | Веллингтон | ||||
Ири шаарлар | Окленд, Веллингтон, Крайстчерч, Гамильтон, Данидин, Тауранга | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Король Генерал-губернатор Премьер-министр | Чарльз III Синди Киро Кристофер Лаксон | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 75-орун - дүйнөдө 268,680 км² 2,1 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы | 5,365,470 адам (120-орун) 50,5 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
279,183 млрд $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
249,415 млрд $ 48,071 $ | ||||
АДӨИ | ▲0,939 (жогору) (16-орун) | ||||
Этнохороним | жаңы зеландиялык, жаңы зеландиялыктар | ||||
Акча бирдиги | Жаңы Зеландия доллары (NZD) | ||||
Домени | .nz | ||||
ISO коду | NZ | ||||
ЭОК коду | NZL | ||||
Телефон коду | +64 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +12:00 |
Жаңы Зеландия БУУнун (1945), Бүткүл дүйнөлүк банктын, ЭВФтин, Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун, АНЗЮСтун (1951-86), СЕАТОнун (1954), АНЗЮКтун (1971) жана башка уюмдардын мүчөсү.