![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/44/Flag_of_the_Territory_of_New_Guinea.svg/langky-640px-Flag_of_the_Territory_of_New_Guinea.svg.png&w=640&q=50)
Жаңы Гвинея (австралия аймагы)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жаңы Гвинея аймагы (англ. Territory of New Guinea) — биринчи дүйнөлүк согушта Германия империясы жеңилгенден кийин Улуттар Лигасы Австралиянын башкаруусуна өткөрүп берген мандаттуу аймак.
Жаңы Гвинея англ. Territory of New Guinea Британ колониясы | |||||||||
| |||||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| |||||||||
![]() | |||||||||
Борбор калаа | Рабаул (1921-1937) Лаэ (1937-1942) | ||||||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||||||
Курамына Германия Жаңы Гвинеясынын бир бөлүгү — Жаңы Гвинея аралынын түндүк-чыгыш бөлүгү (Кайзер Вильгельм жери), Бисмарк архипелагы, Адмиралтейство аралдары, Түндүк Соломон аралдары (Бугенвилл жана Бук аралдары) жана башка чектеш аралдар кирген[1].
Бул аймакты 1914-жылы Австралия аскерлери басып алышкан. 1914-жылдын 17-сентябрында Германия Жаңы Гвинеясынын губернаторунун милдетин аткаруучу Австралиядан жиберилген аскердик экспедицияны жетектеген офицердин катышуусунда багынып берүү актысына кол койгон.
1921-жылдын 9-майында жарандык администрация түзүлгөнгө чейин, аймак аскердик башкарууда болгон[1]. Улуттар Лигасынын мандатынын шарттары 1920-жылдын 17-декабрында макулдашылган, бирок аймак 1921-жылдын апрелинде гана Австралиянын башкаруусуна берилген[1].
II дүйнөлүк согуш учурунда Жаңы Гвинеянын аймагы Жапония тарабынан басып алынган. 1946-жылы 13-декабрда, бул аймак Австралиянын башкаруусу астында БУУнун мандаты алдындагы аймак статусун алган[2].
1949-жылы кабыл алынган Папуа жана Жаңы Гвинея актысына ылайык, Жаңы Гвинея аймагы менен Папуа аймагы бирдиктүү административдик бирдике бириктирилген жана Папуа-Жаңы Гвинея аймагы деген аталышты алган.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/09/Wounded_Australian_soldier_led_by_a_Papuan_orderly_at_Buna.jpg/320px-Wounded_Australian_soldier_led_by_a_Papuan_orderly_at_Buna.jpg)