Жанар тоо
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жанар тоо, вулкан (латынча vulcanos от, чок, жалын; байыркы римдиктердин мифологиясындагы от кудайы) — терең жаракалар аркылуу жер кыртышынын түпкүрүнөн көтөрүлүп чыккан балкыган ысык магманын кыймыл-аракетинен пайда болгон конус сымал дөбө (к. сүрөт). Магманын курамында өтө жогорку температурадагы газ, суу буусу, ыш, түтүн, күл, талкаланган кесек тектер, эриген абалдагы минерал заттар (лава) көп санда кездешет. Мезгил-мезгили менен жер бетине атылып чыгып турат. Айрымдары тынымсыз аракетте болот. Аракеттеги, өчүп бара жаткан, дымыган, толук өчкөн түрлөргө бөлүнөт. Аракеттеги жанар тоо туруктуу же мезгилдүү болот. Жанар тоонун сырткы түзүлүшү конус сымал болуп, чокусунда чуңкур (чанак, кратер) кездешет. Ал тереңдиктеги магма очогу менен өзөк (жерло) аркылуу байланышатемир жол атылуусу токтогондо өзөгү лава же талкаланган тектердин сыныгы менен бүтөлүп калат.
Жанар тоо борбордук жана жарака түрүндө болот. Борбордук жанар тоо конус түспөлүнө ээ болуп, өзөгү тереңдиктеги магма очогу менен байланышат. Күчтүү атылууларды пайда кылат. Атылуу күркүрөгөн үн менен башталып, жер силкинет. Булактар соолуйт же жаңы булактар келип чыгат. Тоо капталдары терең жарылып, ысык газдар менен суу буулары көтөрүлөт. Чанактан чыккан түтүн бир нече км бийиктикке жетет, жер бетин каптайт. Чагылган чартылдап, күн күркүрөйт. Ысык кара нөшөр жамгыр көнөктөп жаайт. Чанактан лава агып чыгып, үйдөй таштар, жанар тоо бомбалары асманга атылат. Жер бетин каптаган, ысык күл, чаң, кум калыңдыгы бир нече мге жетет. Бардыгын куйкалап таштайт. Кээде ондогон км аралыкка жетип, борпоң катмарга айланат. Күл, чаң, түтүн, ыш аралашкан тумандан күндүн бети көрүнбөй калат. Тоолордон таш кулайт, көчкү жүрөт, өрт чыгат. Акырында кратерден чоктой балкыган ысык масса (лава) жогору көтөрүлүп чыгып, дөбөнүн капталдарынан агат. Эгерде борбордук жанар тоо океан-деңиз түптөрүнөн орун алса, газ менен суу буулары бийик көтөрүлүп, шлак менен пемза, күл суу үстүндө калкыйт. Суунун температурасы көтөрүлөт. Кээде лава көп санда агып чыгып, жаңы аралдарды пайда кылат. Жанар тоодон бөлүнүп чыккан заттар катуу, суюк, газ абалында болот. Катуу заттарга талкаланган тектер, лапилла, жанар тоо бомбалары, кум, шагыл, күл кирет. Кратердин кырбуусунан агып чыккан лава суюк зат болуп эсептелет. Ал эми суу буулары, аммиак, метан, көмүр кычкыл газы, күкүрттүү суутек жана башка газ абалындагы зат болуп эсептелет. Жарака Жанар тоолорунда лава терең жаракалардан чыгып жай агып турат. Күчтүү атылууларды пайда кылбайт. Кээ бир жанар тоо лавасы жок эле күчтүү атылууга дуушар болот. Натыйжада жер астынан күчтүү басым менен көтөрүлүп келе жаткан газдар жолунда кездешкен тектерди талкалайт. Талкаланган кесек бөлүкчөлөр чанакты курчап калат. Ортосунан жайык чуңкур орун алат. Мындай чуңкур маар деп аталат. Маарга суу толуп, чакан көлгө айланат. Эгерде жайык чуңкурдун диаметри ондогон кмге жетсе, аны кальдера дейбиз.