Жалбыз (лат. Mentha, L. 1753) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Көп жылдык жыпар жыттуу чөп. Сабагы тик өсөт, 4 кырдуу, бийиктиги 100 смге чейин. Жалбырагы сүйрү же тегерек, сабакта тушташ жайгашат, топ гүлү машактай же шар сымал, гүлү кээде жалбырак колтугуна тегерек топтолот, актиноморфтуу, төрт мүчөлүү. Мөмөсү – жумуртка сымал жангакча. Жер жүзүндө Түндүк жарым шардын мелүүн алкагында жана Түштүк Африкада, Австралияда 25 түрү, Кыргызстанда арык жээктеринде, жол боюнда, саздуу жерлерде 6 түрү өсөт. Бир түрү дары-дармек жана парфюмерияда жана тамак-аш өндүрүшүндө кеңири колдонулуучу эфир майларын алуу үчүн эгилет.

Thumb
Mentha piperita.

Wikiwand in your browser!

Seamless Wikipedia browsing. On steroids.

Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.

Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.