![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c0/Champs_002.jpg/640px-Champs_002.jpg&w=640&q=50)
Жай
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жай – жаз менен күздүн аралыгындагы абанын температурасы эң жогору болуп турган жыл мезгили; климаттык сезон. Түндүк жарым шарда жайкы күн токтолуудан (21–22-июндан) же жайкы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки мезгили. Түндүк жарым шарда – июнь, июль, август, Түштүк жарым шарда – декабрь, январь, февраль айлары жай мезгили болот. Жай мезгилинин узактыгы климаттык жана фенологиялык сезон катары төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди карай кыскарат. Экватордук алкакта жыл бою жай өкүм сүрөт. Субтропикте 5 ай, мелүүн алкакта 3 ай, уюлдук кеңдиктерде 1–2 айдан ашпайт. Кыргызстан аймагында жайында күн ысып, үшүк жүрбөйт, өсүмдүк вегетациясы токтобойт; кургакчылык да болот. Кыргызстанда бул түшүнүккө байланыштуу Жай-Терек (Базар-Коргон районундагы жердин аты) топоними бар. Кыргыздар жай мезгилин табыстан, жайдын толгон кезин ак жай деп да атайт.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c0/Champs_002.jpg/640px-Champs_002.jpg)