Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ), ОБСЕ – коопсуздук, экономика, илим, технологиялар жана адам укугу багытында кызматташуу үчүн түзүлгөн эл аралык форум. 1975-ж. Хельсинки конференциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча кеңешме (ЕККК) катары түзүлгөн (ЕКККны ЕККУ деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапешт жолугушуусунда кабыл алынган). Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 55 өлкөсү кирет. Жумушчу органы – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеңеш, анын отурумдары жума сайын Вена шаарында өткөрүлөт. ЕККУда төрагалык кылуу (мүчө өлкөнүн тышкы иштер министри) кезек менен жүргүзүлөт.