From Wikipedia, the free encyclopedia
«Еврокөрүнүү ыр сынагы 2012» (азербайжанча: 2012 Avroviziya Mahnı Müsabiqəsi, англисче: Eurovision Song Contest 2012, французча: Concours Eurovision de la chanson 2012) - «Еврокөрүнүүнүн» 57-сынагы болмокчу, ал Дүсселдорфто өткөн «Еврокөрүнүү 2011» сынагынын жеңүүчү өлкөсүндө, 2012-жылдын 22-майынан 26-майына чейин Азербайжанда өтөт. Азербайжанга жеңишти «Running Scared» деген ыры менен Ell/Nikki дуэти алып келген, добуштардын жыйынтыгынан соң 221 упай менен 1-орунду ээлешкен.
Еврокөрүнүү ыр сынагы 2012 "Өз отуңду алоолондур!"/"Light your fire!" | |
Жалпы маалымат | |
Жарымфиналдарга бөлүштүрүү: | 25-январь 2012-жыл |
1-жарымфинал: | 22-май 2012-жыл |
2-жарымфинал: | 24-май 2012-жыл |
Финал: | 26-май 2012-жыл |
Алып баруучулар: |
Лейла Алиева |
Мүдүр: | Йон Ола Санд |
Кожоюн-телеканал: | ITV |
Өткөрүлүүчү жай: | Азербайжан, Бакы, Бакы кристал залы |
Жеңүүчү ыр: | Euphoria |
Добуш берүү ыкмасы: | телекөрүүчүлөр/калыстар: 50/50 |
Өлкөлөрдүн саны: | 42 |
Кайткан өлкөлөр: | Черногория |
Катышуудан баш тарткан өлкөлөр: | Армения |
Еврокөрсөтүү ыр сынагы 2012 | |
◄ 2011 2013 ► | |
WWW.EUROVISION.TV |
Эки жарымфиналдардын өткөрүлүүсү 22-май жана 24-майга туш келди, ал эми финалдык шоу 26-майга белгиленди.
Өлкөлөрдү жарым финалдарга бөлүштүрүү чучукулагы 25-январда Бакы шаарында өттү. Катышууга 42 мамлекет макулдугун тактады.
2010-жылдан бери каржы маселесине байланыштуу бул сынакка катышпаган Черногория эми бул эл аралык иш-чарага кайтып келди. Польшанын жергиликтүү телекомпаниясы болсо башка теледолбоорлорго көбүрөөк кызыкчылыктары бар экендигин айтып, бул сынакка ктышуудан баш тартты.
Быйыл 25-январь күнү, ачык кызыл оймолор жана от гүлүнө окшогон логотип - сынактын белгиси катары бекитилди. Быйылкы сынактын урааны – «Light your fire» (сөзмө-сөз айтканда "Өз отуңду жандыр").
Бакыдагы Мамлекеттик Туу аянтында "Еврокөрүнүү 2012" ыр сынагына карата 20 000 адам бата турган атайы комплекс курулат деп 2011-жылы 16-майда жарыяланган. 2011-жылдын 8-сентябрында курулуп жаткан арена Бакы Кристал Залы «Baku Crystal Hall» деп аталаары айтылган. Аренаны куруу иши менен «Alpine Bau Deutschland AG» немис компаниясы алектенди.
Мамлекеттик Туу аянтындагы арена 2012-жылдын апрель айында аягына чыгып, ал 35 000 чейин көрүүчүнү камтышы керек. Аянтчанын курулушуна Азербайжан өкмөтүнөн 50 000 000 манат (48 миллион евро) бөлүндү.
Бакыда өтө турган Еврокөрүнүү 2012 сынагына байланыштуу, бул саамалыктын босогосунда Азербайжан Республикасынын президенти Илхам Алиев башка өлкөлөрдүн жарандарына визаларды каттоону жана аккредитацияларды жеңилдетүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Мурдараак, уюштуруучулар жаңыланган Тофик Бахрамов атындагы стадионду жана Гейдар Алиев атындагы Спорт – Жарманке Комплексин "Еврокөрүнүү 2012" сынагы үчүн сунуш кылышкан.
2012-жылдан баштап добуш берүү терезеси кайрадан акыркы ырдан кийин болоорун «Европа телеберүү бирикмеси» (EBU) чечти, анткени телекөрүүчүлөр көбүнчөсү финалдык чыгармадан кийин добуш берээри аныкталды, анан дагы добуш берүү ыкмаларын тааныштыруу үчүн атайы терезече ыр аткарылып жатканда экрандын төртүнчү бөлүгүн ээлеп, көрүүчүнү чыгармадан алаксытат экен.
"Еврокөрүнүү 2012" ыр сынагы болжол менен эки жарымфиналдан жана финалдан туруат. Биринчи жарымфиналда 18 мамлекет, ал эми экинчи жарымфиналда дагы 18 өлкө таймашат.
Финалда 26 өлкө катышат:
Сынактын бардык катышуучу өлкөлөрү жарымфиналдарда катышуусу зарыл (Азербайжан жана «Чоң Бешиликтен» тышкары), мында ар бир жарымфиналдан 10 катышуучу финалга чыгуу үчүн тандалып алынат.
Катышуу үчүн маалым каттар 2011 2-сентябрдан баштап, 2012-январдын ортосуна чейин кабыл алынды. Жыйынтыктоочу катышуучулардын тизмеси 17-январда жарыкка чыкты. 43 өлкөнүн катышууга макулдугу аныкталды. Бирок 7-март күнү Армения сынактан баш тарткандыгын ырасмый маалымдаган соң, сынакка 42 өлкө катышмай болду.
Аткаруучу | Мамлекет | Мурдагы катышкан жылы | Башкы аткаруучу | Орун |
---|---|---|---|---|
MayaSar | Босния жана Герцеговина | 2004 | Дин (2004) | 9 |
Anri Jokhadze | Грузия | 2008 | Диана Гурцкая (2008) | 11 |
MayaSar | Босния жана Герцеговина | 2011 | Дино Мерлин (2011) | 6 |
Аткаруучу | Мамлекет | Катышууга болжолдолунган жылы |
---|---|---|
Kaliopi | Македония | 1996 |
Чучукулак быйыл 25-январда Бакы шаарында өттү. Ошол эле убакта Еврокөрүнүү ыр сынагынын ачкычын тапшыруу аземи да болду. Бул аземде Еврокөрүнүү 2011 сынагынын кожоюну болгон Дүсселдорф шаарынын мэри Дирк Элберс сынактын символдук ачкычын Бакынын мэри Гажыбала Абдуталыбовго берди.
Ушул кезден баштап Бакы сынактын ырасмый кожоюн – шаары болду. Саамалыктын эң бир башкы кездери деп, сынактын көрүнүк шөкөтүнүн жана ырасмый өткөрүлүүчү аренаны айткан убактарды эсептесек болот, ошондой эле сынактын логотиби жана урааны көрсөтүлгөн.
1 себет | 2 себет | 3 себет | 4 себет | 5 себет | 6 себет |
---|---|---|---|---|---|
|
Еврокөрүнүү 2012 ыр сынагынын биринчи жарымфиналы 2012-жылдын 22-майында болуп өттү. Сынактын уюштуруучусу Зитс Беккердин айтымында, мааракени биринчи жолу рекорддуу саны менен көрүүчү көрдү.
Тирананын түштүк тарабында жүргүнчүлөр менен автобус кырсыкка кабылгандыктан, Албанияда сынак түз алып көрсөтүлгөн эмес. Бирок, өлкө калыстар добушунда катышшкан. Сынактын жетекчиси Йон Ола Санддын сөздөрү боюнча, биринчи жарымфиналдын Албанияда көрсөтпөө туралуу чечим өлкөнүн катышуучусунун чыгуусуна залакасын тийгизбейт, сынактын экинчи жарымфиналын жана финалды Албания адаттагыдай эле жандуу алып көрсөтмөкчү. Мамлекеттин өкүлү Рона Нишлиу өзүнүн финалга чыгуусун кырсыктан жабыркагандарга арноорун билдирди.
Бардык катышуучулардын чыгуусунан кийин жана финалга өткөндөрдү атоодон мурда Азербайжан Республикасынын эмгек сиңирген артисти Натик Ширинов өзүнүн "Ритм" ансамли менен нагарада ойноо менен чыгышкан. Ошондой эле сахнада элдик кийимдер менен элдик бий жана элдик музыка аткаруучулары чыгышкан.
# | Өлкө | Аткаруучу | Ыр | Тил | Упай | Орун |
---|---|---|---|---|---|---|
01 | Черногория | Rambo Amadeus | "Euro Neuro" | Англис | 020 | 15 |
02 | Исландия | Gréta Salóme жана Jónsi | "Never Forget" | Исланд | 075 | 08 |
03 | Греция | Eleftheria Eleftheriou | "Aphrodisiac" | Англис | 116 | 04 |
04 | Латвия | Anmary | "Beautiful Song" | Англис | 017 | 16 |
05 | Албания | Rona Nishliu | "Suus" | Албан, Латын | 146 | 02 |
06 | Румыния | Mandinga | "Zaleilah" | Англис, Испан | 120 | 03 |
07 | Швейцария | Sinplus | "Unbreakable" | Англис | 045 | 11 |
08 | Бельгия | Iris | "Would You" | Англис | 016 | 17 |
09 | Финляндия | Pernilla Karlsson | "När Jag Blundar" | Швед | 041 | 12 |
10 | Израиль | Izabo | "Time" | Англис, Жөөт | 033 | 13 |
11 | Сан Марино | Valentina Monetta | "The Social Network Song" | Англис | 031 | 14 |
12 | Кипр | Ivi Adamou | "La La Love" | Англис | 091 | 07 |
13 | Дания | Soluna Samay | "Should've Known Better" | Англис | 063 | 09 |
14 | Орусия | Buranovskiye Babushki | "Party For Everybody" | Англис, Удмурт | 152 | 01 |
15 | Мажарстан | Compact Disco | "Sound Of Our Hearts" | Англис | 052 | 10 |
16 | Австрия | Trackshittaz | "Woki Mit Deim Popo" | Немис | 008 | 18 |
17 | Молдова | Pasha Parfeny | "Lăutar" | Англис, Румын | 100 | 05 |
18 | Ирландия | Jedward | "Waterline" | Англис | 092 | 06 |
Орун | Телекөрүүчүлөр | Упай | Калыстар | Упай |
---|---|---|---|---|
01 | Орусия | 189 | Албания | 131 |
02 | Румыния | 132 | Молдова | 107 |
03 | Албания | 131 | Греция | 103 |
04 | Ирландия | 116 | Кипр | 90 |
05 | Греция | 110 | Румыния | 87 |
06 | Кипр | 99 | Дания | 81 |
07 | Молдова | 85 | Мажарстан | 76 |
08 | Исландия | 79 | Орусия | 75 |
09 | Дания | 53 | Израиль | 72 |
10 | Швейцария | 49 | Ирландия | 72 |
11 | Мажарстан | 39 | Исландия | 70 |
12 | Финляндия | 36 | Финляндия | 57 |
13 | Сан Марино | 25 | Швейцария | 45 |
14 | Черногория | 24 | Сан Марино | 42 |
15 | Латвия | 18 | Бельгия | 38 |
16 | Израиль | 16 | Черногория | 28 |
17 | Австрия | 15 | Австрия | 27 |
18 | Бельгия | 1 | Латвия | 17 |
# | Өлкө | Аткаруучу | Ыр | Тил | Упай | Орун |
---|---|---|---|---|---|---|
01 | Сербия | Željko Joksimović | "Nije Ljubav Stvar" (Није Љубав Ствар) | Серб | 159 | 02 |
02 | Македония | Kaliopi | "Crno I Belo" (Црно и бело) | Македон | 053 | 09 |
03 | Нидерланддар | Joan Franka | "You And Me" | Англис | 035 | 15 |
04 | Мальта | Kurt Calleja | "This Is The Night" | Англис | 070 | 07 |
05 | Беларусь | Litesound | "We Are The Heroes" | Англис | 035 | 16 |
06 | Португалия | Filipa Sousa | "Vida Minha" | Португал | 039 | 13 |
07 | Украина | Gaitana | "Be My Guest" | Англис | 064 | 08 |
08 | Болгария | Sofi Marinova | "Love Unlimited" | Азер, Англис, Араб, Болгар, Грек, Испан, Италян, Лөлү, Серб, Түрк, Француз | 045 | 11 |
09 | Словения | Eva Boto | "Verjamem" | Словен | 031 | 17 |
10 | Хорватия | Nina Badrić | "Nebo" | Хорват | 042 | 12 |
11 | Швеция | Loreen | "Euphoria" | Англис | 181 | 01 |
12 | Грузия | Anri Jokhadze | "I'm A Joker" | Англис, Грузин | 036 | 14 |
13 | Түркия | Can Bonomo | "Love Me Back" | Англис | 080 | 05 |
14 | Эстония | Ott Lepland | "Kuula" | Эстон | 100 | 04 |
15 | Словакия | Max Jason Mai | "Don't Close Your Eyes" | Англис | 022 | 18 |
16 | Норвегия | Tooji | "Stay" | Англис | 045 | 10 |
17 | Босния жана Герцеговина | MayaSar | "Korake Ti Znam" | Босний | 077 | 06 |
18 | Литва | Donny Montell | "Love Is Blind" | Англис | 104 | 03 |
Орун | Телекөрүүчүлөр | Упай | Калыстар | Упай |
---|---|---|---|---|
01 | Швеция | 180 | Швеция | 145 |
02 | Сербия | 148 | Сербия | 141 |
03 | Литва | 128 | Украина | 109 |
04 | Түркия | 114 | Эстония | 102 |
05 | Эстония | 88 | Мальта | 97 |
06 | Норвегия | 72 | Босния жана Герцеговина | 77 |
07 | Босния жана Герцеговина | 70 | Хорватия | 66 |
08 | Македония | 63 | Грузия | 62 |
09 | Болгария | 59 | Македония | 58 |
10 | Нидерланддар | 51 | Литва | 55 |
11 | Мальта | 39 | Беларусь | 52 |
12 | Беларусь | 37 | Португалия | 49 |
13 | Португалия | 37 | Түркия | 42 |
14 | Хорватия | 34 | Словения | 40 |
15 | Словакия | 32 | Словакия | 40 |
16 | Словения | 27 | Нидерланддар | 31 |
17 | Украина | 24 | Болгария | 27 |
18 | Грузия | 15 | Норвегия | 25 |
# | Өлкө | Аткаруучу | Ыр | Тил | Упай | Орун |
---|---|---|---|---|---|---|
01 | Улуу Британия | Engelbert Humperdinck | "Love Will Set You Free" | Англис | 012 | 25 |
02 | Мажарстан | Compact Disco | "Sound Of Our Hearts" | Англис | 019 | 24 |
03 | Албания | Rona Nishliu | "Suus" | Албан, Латын | 146 | 05 |
04 | Литва | Donny Montell | "Love Is Blind" | Англис | 070 | 14 |
05 | Босния жана Герцеговина | MayaSar | "Korake Ti Znam" | Босний | 055 | 18 |
06 | Орусия | Buranovskiye Babushki | "Party For Everybody" | Англис, Удмурт | 259 | 02 |
07 | Исландия | Gréta Salóme жана Jónsi | "Never Forget" | Исланд | 046 | 20 |
08 | Кипр | Ivi Adamou | "La La Love" | Англис | 065 | 16 |
09 | Франция | Anggun | "Echo (You and I)" | Англис, Француз | 021 | 22 |
10 | Италия | Nina Zilli | "L'Amore È Femmina" | Италян | 101 | 09 |
11 | Эстония | Ott Lepland | "Kuula" | Эстон | 120 | 06 |
12 | Норвегия | Tooji | "Stay" | Англис | 7 | 26 |
13 | Азербайжан (кожоюн) | Sabina Babayeva | "When The Music Dies" | Англис | 150 | 04 |
14 | Румыния | Mandinga | "Zaleilah" | Англис, Испан | 071 | 12 |
15 | Дания | Soluna Samay | "Should've Known Better" | Англис | 021 | 23 |
16 | Греция | Eleftheria Eleftheriou | "Aphrodisiac" | Англис | 064 | 17 |
17 | Швеция | Loreen | "Euphoria" | Англис | 372 | 01 |
18 | Түркия | Can Bonomo | "Love Me Back" | Англис | 112 | 07 |
19 | Испания | Pastora Soler | "Quédate Conmigo" | Испан | 097 | 10 |
20 | Германия | Roman Lob | "Standing Still" | Англис | 110 | 08 |
21 | Мальта | Kurt Calleja | "This Is The Night" | Англис | 041 | 21 |
22 | Македония | Kaliopi | "Crno I Belo" (Црно и бело) | Македон | 071 | 13 |
23 | Ирландия | Jedward | "Waterline" | Англис | 046 | 19 |
24 | Сербия | Željko Joksimović | "Nije Ljubav Stvar" (Није Љубав Ствар) | Серб | 214 | 03 |
25 | Украина | Gaitana | "Be My Guest" | Англис | 065 | 15 |
26 | Молдова | Pasha Parfeny | "Lăutar" | Англис, Румын | 081 | 11 |
Орун | Телекөрүүчүлөр | Упай | Калыстар | Упай |
---|---|---|---|---|
01 | Швеция | 342 | Швеция | 296 |
02 | Орусия | 332 | Сербия | 173 |
03 | Сербия | 211 | Италия | 157 |
04 | Түркия | 176 | Албания | 157 |
05 | Азербайжан | 152 | Испания | 154 |
06 | Германия | 125 | Эстония | 152 |
07 | Румыния | 117 | Украина | 125 |
08 | Албания | 106 | Азербайжан | 118 |
09 | Греция | 89 | Молдова | 104 |
10 | Ирландия | 89 | Германия | 98 |
11 | Македония | 79 | Орусия | 94 |
12 | Эстония | 78 | Кипр | 85 |
13 | Молдова | 75 | Франция | 85 |
14 | Литва | 68 | Литва | 82 |
15 | Кипр | 63 | Босния жана Герцеговина | 71 |
16 | Босния жана Герцеговина | 57 | Мальта | 70 |
17 | Италия | 56 | Македония | 69 |
18 | Испания | 45 | Греция | 60 |
19 | Исландия | 39 | Исландия | 53 |
20 | Украина | 37 | Румыния | 53 |
21 | Улуу Британия | 36 | Дания | 51 |
22 | Мажарстан | 20 | Түркия | 50 |
23 | Дания | 18 | Мажарстан | 30 |
24 | Норвегия | 16 | Норвегия | 24 |
25 | Мальта | 10 | Ирландия | 14 |
26 | Франция | 0 | Улуу Британия | 11 |
Швеция рекорддуу 12 упай деген бааларды чогултуп алды — 18. Мурда рекорд Норвегияныкы болчу (16).
Саны | Алган өлкө | Добуш берген өлкө |
---|---|---|
18 | Швеция | Австрия, Бельгия, Германия, Дания, Израиль, Ирландия, Исландия, Испания, Латвия, Мажарстан, Нидерланддар, Норвегия, Орусия, Словакия, Улуу Британия, Финляндия, Франция, Эстония |
4 | Азербайжан | Литва, Мальта, Түркия, Украина |
Албания | Италия, Македония, Сан Марино, Швейцария | |
Сербия | Болгария, Словения, Хорватия, Черногория | |
2 | Греция | Албания, Кипр |
Кипр | Греция, Швеция | |
Македония | Босния жана Герцеговина, Сербия | |
1 | Испания | Португалия |
Литва | Грузия | |
Молдова | Румыния | |
Орусия | Беларусь | |
Румыния | Молдова | |
Түркия | Азербайжан |
Номур | Мамлекет | Телекөрүнүү | Баяндамачы |
---|---|---|---|
01 | Австрия | ORF | Andi Knoll |
02 | <noinclude> Азербайжан | ITV | |
03 | <noinclude> Албания | RTSH | |
04 | <noinclude> Армения | AMPTV | |
05 | <noinclude> Беларусь | BTRC | Денис Курьян |
06 | <noinclude> Бельгия | VRT | Jean-Pierre Hautier, Jean-Louis Lahaye |
07 | <noinclude> Болгария | BNT | |
08 | <noinclude> Босния жана Герцеговина | BHRT | |
09 | <noinclude> Германия | NDR | |
10 | <noinclude> Греция | ERT | Marion Mihelidaki |
11 | <noinclude> Грузия | GPB | |
12 | <noinclude> Дания | DR | |
13 | <noinclude> Израиль | IBA | |
14 | <noinclude> Ирландия | RTÉ | Marty Whelan |
15 | <noinclude> Исландия | RÚV | |
16 | <noinclude> Испания | TVE | |
17 | <noinclude> Италия | RAI | |
18 | <noinclude> Кипр | CyBC | |
19 | <noinclude> Латвия | LTV | |
20 | <noinclude> Литва | LRT | |
21 | <noinclude> Мажарстан | MTV | Gábor Gundel Takács |
22 | <noinclude> Македония | MKRTV | |
23 | <noinclude> Мальта | PBM | |
24 | <noinclude> Молдова | TRM | |
25 | <noinclude> Нидерланддар | TROS | Jan Smit, Daniël Dekker |
26 | <noinclude> Норвегия | NRK | |
27 | <noinclude> Орусия | RTR | Ольга Шелест, Дмитрий Губерниев |
28 | <noinclude> Португалия | RTP | Sílvia Alberto, Pedro Granger |
29 | <noinclude> Румыния | TVR | |
30 | <noinclude> Сан Марино | SMRTV | |
31 | <noinclude> Сербия | RTS | |
32 | <noinclude> Словакия | STV | |
33 | <noinclude> Словения | RTVSLO | |
34 | <noinclude> Түркия | TRT | |
35 | <noinclude> Украина | NTU | Татьяна Терехова, Тимур Мирошниченко |
36 | <noinclude> Улуу Британия | BBC One, BBC Three, BBC HD | Scott Mills , Sara Cox, Graham Norton |
37 | <noinclude> Финляндия | YLE | |
38 | <noinclude> Франция | France 3 | Cyril Féraud, Mireille Dumas |
39 | <noinclude> Хорватия | HRT | |
40 | <noinclude> Черногория | RTCG | |
41 | <noinclude> Швейцария | SRG, SSR, idée, suisse | |
42 | <noinclude> Швеция | SVT | |
43 | <noinclude> Эстония | ERR | Marko Reikop |
44 | <noinclude> Австралия | ||
45 | <noinclude> Жаңы Зеландия | ||
46 | <noinclude> Казакстан | Нурберген Макамбетов, Калдыбек Жайсаңбай | |
47 | <noinclude> Канада | ||
48 | <noinclude> Кыргызстан | KTRK | Элмар Осмонов, Айбек Акматов |
49 | <noinclude> Лихтенштейн |
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.