Еврокөрүнүү ыр сынагы 1956
From Wikipedia, the free encyclopedia
Еврокөрүнүү ыр сынагы 1956 (англисче: Eurovision Song Contest 1956, французча: Concours Eurovision de la chanson 1956) - «Еврокөрүнүү ыр сынагынын» биринчи сынагы, ал 1956-жылдын 24-майында Швейцария өлкөсүндө Лугано шаарынын өтө чоң эмес Куурсал театрынын залында өткөн. Аткаруучуларга жалгыздан чыкканга кана уруксат болгон. Баардык катышуучу өлкөлөр мамлекеттик телеберүүлөрүндө катышуучуларды тандап алуу сынагын уюштурушу керек болчу. Элдик тандап алуу сынагын өтө кеч өткөргөндүктөн Австрия, Дания жана Улуу Британия сынакка катышпай калышкан. Калыстар тобунун жетекчиси Рольф Либерман бир кана жеңүүчүнү жарыялагандыктан, бөлөк катышуучулардын жыйынтыктары азыркы убакытка чейин сыр бойдон калууда, ошол себептен алар экинчи орунду ээлеген болуп саналат.
Еврокөрүнүү ыр сынагы 1956 | |
---|---|
Дата | 24-май 1956-жыл |
Алып баруучулар | Lohengrin Filipello |
Кожоюн телеканал | RTSI |
Өткөрүлүүчү жай | Швейцария, Лугано, Teatro Kursaal |
Жеңүүчү ыр | «Refrain» (Швейцария) |
Добуш берүү ыкмасы | Ар бир өлкөдөн экиден калыс, ар бир ырды 1 - 10 чейинки упайлар менен баалашкан |
Өлкөлөрдүн саны | 7 |
Алгачкы катышуу | Бельгия |
Нөл упай | болгон эмес |
Еврокөрүнүү ыр сынагы 1956 | |
◄ сынак уюшулган 1957 ► |