![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/62/Dresden_Montage_%25282016%2529.png/640px-Dresden_Montage_%25282016%2529.png&w=640&q=50)
Дрезден
From Wikipedia, the free encyclopedia
Дрезден – Германиядагы шаар. Эльба дарыясынын боюнда. Саксония жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 474 миң (1996). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (негизинен электр-техника, радиоэлектроника), кино жана фотооптика, химия-фармацевтика препараттары, полиграфия, трикотаж, бут кийим, эмерек, тигүү, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Ядролук изилдөө борбору. Техникалык университет, консерватория, музейлер, Дрезден сүрөт галереясы бар. Туризм өнүккөн.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/6/62/Dresden_Montage_%282016%29.png/640px-Dresden_Montage_%282016%29.png)
Алгач 1216-жылдан эскерилет. 1485-жылдан Саксония герцогдорунун резиденциясы. 1806–1918-ж. Саксония королдугунун борбору. 15–18-кылымдын архитектура эстеликтери: сепил-сарай (15-кылым), барокко стилиндеги–Цвингер (1711–22) жана Пильниц (1720–24), сарай ансамблдери, Хофкирхе чиркөөсү (1738–56). Саксония зер буюмдар коллекциясы, фарфор жана айнек буюмдарын чыгаруучу эски ишкана сакталган.