![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a2/Dinarisches_Gebirge_Topo.png/640px-Dinarisches_Gebirge_Topo.png&w=640&q=50)
Динара тайпак тоосу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Динара тайпак тоосу - Балкан жарым аралында. Узундугу 650 кмдей, туурасы 230 кмге чейин. Орто бийик тоолор басымдуу, эң бийик жери 2692 м (Түндүк Албания Альп тоосундагы Езерца чокусу). Негизги кырка тоолору жана массивдери (Велебит, Динара, Дурмитор, Копаоник жана башка) Түндүк-батыштан Түштүк-чыгышка карай Адрия деңизин жээктей созулуп жатат. Түндүк-батыш бөлүгү акиташ тоотегинен түзүлүп, карст кубулушу өтө өөрчүгөн, чыгышындагы тоолор негизинен сланец жана акиташ тоо тектеринен турат. Жер ортолук деңиз бадалы, эмен-бук жана ийне жалбырактуу токой, тоолуу талаа өсүмдүктөрү жана дайыма жашыл бадалдар өсөт. Боксит, күрөң көмүр, темир, жез, калай жана башка кендери бар.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a2/Dinarisches_Gebirge_Topo.png/640px-Dinarisches_Gebirge_Topo.png)