Диатомит
From Wikipedia, the free encyclopedia
Диатомит – негизинен диатом балырларынын кабыкчаларынан түзүлгөн борпоң, өңү ак, агыш боз же саргыч чөкмө тоотек. Химиялык курамында 70–98% кремний кычкылы (опал) болот. Диатомит жеңил жана көпшөк, газ жана суюк эритмелерди сиңирет (адсорбент), жылуулукту, үндү начар өткөрөт, оңой менен эрибейт, к-тагатуруктуу. Деңиз, көл түптөрүндө чогулган диатом ылайларынан пайда болот. Бор мезгилинен тартып, айрыкча кайнозой заманында пайда болгон тоотек катмарларында учурайт. Диатомит адсорбент жана чыпка (катары кездеме токуу, нефть-химия, тамак-аш өнөр жайында, антибиотиктерди, кагаз, боёк, суюк айнек, жылуулук жана үн өткөрбөс материалдарды чыгарууда, цемент даярдоодо жана башка пайдаланылат.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/0/0b/Mineraly.sk_-_diatomit.jpg/320px-Mineraly.sk_-_diatomit.jpg)