![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/46/Dasht-e_Lut_Iran_2006-02-28_ISS012-E-18779.jpg/640px-Dasht-e_Lut_Iran_2006-02-28_ISS012-E-18779.jpg&w=640&q=50)
Деште-лут
From Wikipedia, the free encyclopedia
Деште-лут — Иран тайпак тоосунун борбордук бөлүгүндөгү чөл. Ирандын чыгышында. Узундугу 550 км, туурасы 100–200 км. Туташ тоолор (бийиктиги 1000–2000 м) менен бөлүнгөн бир нече жазы өрөөндөн турат. Чополуу жана шагылдуу чөл, шор жерлер, такырлар мүнөздүү. Чет жакасында оазистер сейрек кездешет.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/d/da/Desierto_de_Lut%2C_Ir%C3%A1n%2C_2016-09-22%2C_DD_05.jpg/640px-Desierto_de_Lut%2C_Ir%C3%A1n%2C_2016-09-22%2C_DD_05.jpg)
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/46/Dasht-e_Lut_Iran_2006-02-28_ISS012-E-18779.jpg/640px-Dasht-e_Lut_Iran_2006-02-28_ISS012-E-18779.jpg)
Деште-Лут же лут чѳлу Ирандын түштүк-чыгышындагы чѳл. Бул чѳл ирандын түштүк-чыгышында 40 миӊ км2 аянтты ээлеп Керман, Систан жана Белучстан, Түштүк Хорасан провинцияларынын бѳлүгүнүн ортосунда жайгашкан жана 175 км аянты менен, болжолдуу түрдѳ Ирандын аянтынын 10 пайызын түзѳт. Лут чөлү дүйнѳдөгү чөлдөрдөн 27 чоӊ чѳлү болуп эсептелет.
Деште-Лут дүнүйѳнүн эӊ ысык жана кургак ѳрѳѳнүнѳ кирет. Ал 2004, 2005, 2006, 2007 жана 2009-жылдары жер планетасынын эӊ ысык чѳлкѳмү катары эсептелген, ѳзгѳчѳ 2005-жылы температуранын ысыктыгы 70.7 градус цельсий катталган. Окумуштуулар аймактын абасынын ысыктыгынын далили катары чѳлдүн деӊгээлинин кара түсү жана кургакчылдыгы деп билишкен, ага күндүн ысыктыгын сиӊирип алуусу негизги себеп.
Деште-Лут түндүк-батыштан түштүк чыгышты кѳздѳй уланат. Узундугу болжол менен 320 км (200 миль) жана туурасы болжол менен 160 км (100 миль).
Лут сѳзүнүн мааниси - эч нерсе өспөгөн такыр дегенди билдирет. Чѳл - ѳсүмдүк өсүүгө шарты катаал аймактардагы нымдын (кургакчыл чөл) же жылуулуктун жетишсиздигинен (суук чөл) пайда болгон ландшафттын түрү, бирок бул чѳлдүн ички эӊ тѳмѳнкү аймагы Кавир (туздуу) деп аталат (туздун ѳлчѳмү кѳп жерди кавир дейт). Лут дүйнѳнүн каттоо тизмесинде, ЮНЕСКОдо “Лут чѳлү” деп катталган, Лут жарым чѳл эмес, Деште Лут толук чѳл болуп эсептелинет, бирок анын кичинекей бир бѳлүгү жарым чѳлдү түзѳт. Географиялык жазууларда Лут кээ бир жерлерде “Лут чуӊкуру”, “Деште Лут”, жалпысынан кээ бир негиздер менен Деште Кавирге окшош болгондуктан Кавире Лут деп да атап келишет. Деште Лут кумдуу жана шагылдуу келет. Деште Лутта бир канча агымдуу тешиктер жана жерлер бар. Деште Луттун чѳлдүү аймактарында негизинен ошол жерлер, тешиктердин ичинде же тегерегинде мезгилдүү жана кыска мѳѳнѳттүү агымдар байкалып турат. Толугунан алганда чѳлдүн кѳлѳмү кумдуу жана шагылдуу аймактарга салыштырмалуу ѳтѳ чоӊ эмес, б.а. табиятка кандайдыр бир маанилуу таасир тийгизе албайт. Деште Лут чындыгында Деште кавирдин карама-каршылыгында турат жана кѳбүнчѳ бѳлүгүн ѳзүнѳ камтыйт, ошондуктан география изилдѳѳчүлѳрүнүн айтымында, аны жалгыз гана Кавире Лут деп айтуу туура эмес, деште Лут же Лут чѳлү деп айтууга болот.
Дүйнѳнүн метеорологиялык изилдѳѳлѳрүрүнѳ ылайык эӊ жогорку ысыктык Ливиянын метеорологиялык станциясында Африкада катталган, абанын ысыктыгы 1992-жылы 13-сентябрда жогорку станцияда 58 градус цельсийди түзгѳн. Ага чейинки дүйнѳдѳгү эӊ ысык жер рекорду Калифорниянын ѳлүм каньенунда 1913-жылы 56.7 градус цельсий катталган.
Жердин эӊ ысык чѳлкѳмүн спутник сүрѳттѳрү аркылуу изилдѳѳдѳ НАСА аркылуу 2003-жылдан 2009-жылга чейин Лут чѳлү 2004, 2005, 2006, 2007 жан 2009-жылдары дүйнѳнүн эӊ ысык чѳлкѳмү катары катталып келген, 2005-жылы абанын ысыктыгы 70.7 градус цельсийди түзүп, дүйнѳдѳ жаӊы рекорд жараткан. Бул 1992-жылы Ливияда катталган ысыктыктан 12 градус цельсийге кѳбүрѳѳк. Айта кетсек, жер планетасынын эӊ ысык жерлери алмашып турат. Мисалы: 2003-жылы Австралиянын Квисленд жери абанын ысыктыгы 69.3 градус цельсий менен катталган, ал НАСАнын изидѳѳ учурунда Лут чѳлүнѳн кийин экинчи орунда турат. Ошондой эле кээ бир маалда абанын жер үстүндѳгү ысыктыгы ошол жердин абадагы ысыктыгынан да бир канча ысыгыраак болуп турат. 1915-жылы окумуштуулар “Абанын жана жер кыртышынын үстүнкү температурасынын айырмачылыгы” аттуу изилдөөлөрүндө ѳлүм каньенун изилдеп, жер кыртышынын 0.4 см топурак алдындагы ысыктыгы 71.5 градус цельсийди түзгѳндүгүн аныкташкан. Ошол эле учурда ошол жердин абанын 120 см бийиктиктеги ысыктыгы 42.5 градус цельсийди түзгѳн.
Бир канча чет элдик жана Ирандын басма сѳз маалыматтарына ылайык Парвиз Кардиванинин айтымында Гандум буриан аймагы (80 км Шахдаддын түндүгүндѳ) Луттун жана дүйнѳнүн эӊ ысык аймагы катары эсептелет. Андан соӊ Луттун борбордук тешигин, Гандум буриан аймагынан да ысык деп жарыялаган.