From Wikipedia, the free encyclopedia
Дарбыз (лат. Citrullus lanatus) — ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Тамыры көп тарамдуу, жерге 1 мден ашык кирет. Сабагы узун, оролуп же төшөлүп өсөт, жалбырагы жазы, айрым жыныстуу. Дарбыз тоголок, сүйрү, жалпак, кабыгы агыш жашыл жана башка; сулпу кызыл, кызгылт, айрымдарыныкы ак, сары. Дарбыздын жапайы, аш жана тоют түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө Төмөнкү Волга бою, Түндүк Кавказ, Украина, Молдавия, Казакстан жана Орто Азия республикаларында өстүрүлөт. Аш дарбызы желет, туздалат, маринаддалат, андан цукат жасалат. Дарбызда 11 % кант болот. Тоют дарбызы чоң (салм. 10–15 кг), кант туулугу 2–3 %. Жаңы кезинде жана силос түрүндө бардык малга берилет. Дарбыз ысык климаттуу жерде жакшы өсөт, топурактын күрдүүлүгүн анча талап кылбайт. Дарбыз эгилүүчү жер күзүндө айдалат (25–27 см тереңдикте), эрте жазда малаланып, эки жолу культивацияланат. Кыргызстанда эгилүүчү дарбыз сорттору: Жеңүүчү, Мрамор, Мелитополь, Десерт жана башка[1].
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.