![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/73/Dallas_Downtown.jpg/640px-Dallas_Downtown.jpg&w=640&q=50)
Даллас шаары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Даллас – АКШнын түштүгүндөгү шаар (1856). Техас штатында. Тринити дарясынын боюнда. Калкы 1,2 млн (2007, агломерациясында 6,1 млн) Эл аралык аэропорту бар. АКШнын түштүгүнүн ири экономика-соода-финансы борбору жана жолдор тоому. Түштүк нефть-газ өнөр жайынын уюштуруу борбору. Ири авиа ракета-космос, радиоэлектроника, прибор куруу, нефть-газ өнөр жай үчүн жабдуу, тамак-аш, тигүү, полиграфия, кагаз, химия (самын жана жасалма жуучу каражаттар) өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музей, театрлар бар. Далласта президент Ж. Кеннеди атылган (1963). Эл аралык конкурстар (органчылардын), ярмаркалар өткөрүлүп турат.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/73/Dallas_Downtown.jpg/640px-Dallas_Downtown.jpg)