Грибачев, Николай Матвеевич
From Wikipedia, the free encyclopedia
Грибачёв Николай Матвеевич (6 (19). 12. 1910, азыркы Брянский обл., Лопуша кыш. — 1992) — орус совет жазуучусу, коомдук ишмер, Лениндик сыйл. лауреаты (1960), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974).
1943-жылдан КПСС мүчөсү.
«Советский Союз» журналынын башкы редактору (1950-54, 1956-91) болуп иштеген. «Түндүк-Батыш» (1935), «Согуш жолдору менен» (1945) ж. б. ыр жыйнактары жарык көргөн. Грибачёвго «Большевик" колхозу» (1947), «"Победадагы" жаз» (1948) поэмалары үчүн СССР мамлекеттик сыйл. (1948, 1949) ыйгарылган.
Ошондой эле «Август жылдыздары» (1958), «Түнкү добул» (1964) ж. б. белгилүү аңгеме жыйнактары Грибачевдун калемине таандык. Айрым ырлары кыргыз тилине которулган. Октябрь Революциясы ордени, башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.
Грибачев публицист катары да белгилүү. Айрым ырлары кыргыз тилине которулган. РСФСР Жог. Советинин (5—8-шайл.) депутаты.
Грибачев Октябрь Революциясы ордени, башка 6 орден жана медалдар менен сыйланган.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/54/RIAN_archive_577312_Writer_Nikolai_Gribachev_%28cropped%29.jpg/220px-RIAN_archive_577312_Writer_Nikolai_Gribachev_%28cropped%29.jpg)