From Wikipedia, the free encyclopedia
Гольжи комплекси, Гольжи аппараты – клетканын ар түрдүү функция аткаруучу органоиди. 1898-ж. италиялык гистолог К. Гольжи нерв клеткаларын изилдөөдө ачкан. Гольжи комплекси бардык эукариот клеткаларда кездешет. Ал диктиосомадан (Гольжи денечелеринен), Гольжи ыйлаакчасынан жана Гольжи вакуолунан турат. Клеткадагы диктиосома жана ал бөлүп чыгарган Гольжи ыйлаакчасынын саны гольжи комплексинин активдүүлүгүн көрсөтөт. Гольжи комплекси клеткадагы белок, полисахарид, былжыр, липид, липопротеид сыяктуу секреттерди бөлүп чыгарууга катышат. Бул заттар Гольжи ыйлаакчасына топтолуп, ал аркылуу клетканын тийиштүү бөлүктөрүнө жана вакуолуна жеткирилет. Гольжи комплекси мембраналык структуралуу болуп, бири бирине жарыш жайгашкан цистерналардан, түтүкчөлөрдөн жана ыйлаакчалардан турат. Өсүмдүк клеткасында цистерналар жакшы өөрчүгөн. Ошондой эле углеводдорду синтездөөгө, клетка кабыгын, вакуолду пайда кылууга катышат.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.