География
From Wikipedia, the free encyclopedia
География (б.-грек. γεωγραφία, географиа, түзмө-түз "жер жазуу"), бул Жер'дины жана планеталардын жерлерин, өзгөчөлүктөрүн, жошоочуларын жана кубулуштарын изилдөөгө арналган илим тармагы. Γεωγραφία сөзүн алгачкы колдонгон киши Эратостенес (БЭЧ 276–194) болгон. География, Жер'ди жана анын адамдык жана табигый татаалдыгын түшүнүүгө умтулган ар тараптуу сабак — нерселер турган жерин гана эмес, ошондой эле алар кандайча өзгөрүшкөнүн, кандайча пайда болгонун дагы.
География көбүнчө эки тармак боюнча аныкталат: адам географиясы жана физикалык география. Адамзаттын географиясы, адамдардын жана алардын коомчулугунун, маданияттарынын, экономикасынын жана алардын космос менен мейкиндик ортосундагы мамилелерди изилдөө жолу менен алардын айлана-чөйрө менен өз пра мамилелеринин иликтөө менен алектенет. Физикалк георгафия, атмосфер, гидросфер, биосфер жана геосфер сыяктуу табигый чөйрөдөгү иштетүү жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө менен алектенет.
Географиялык изилдөөлөрдөгү төрт тарыхый салттарга табигый жана адам кубулуштарын мейкиндикте талдоо, жерлерди жана аймактарды изилдөө, адамдар менен жер ортосундагы мамилелерин изилдөө жана Жер жөнөндөгү илимдер кирет. География "дүйнө жөнүндө сабак" жана "адам менен физикалык илимдердин ортосундагы көпүрө" деп аталып калган.