![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/41/Guadiana_river.jpg/640px-Guadiana_river.jpg&w=640&q=50)
Гвадирна
From Wikipedia, the free encyclopedia
Гвадирна - Испания менен Португалиядагы дарыя. Узундугу 820 км, алабынын аянты 68 миң км2. Ла-Манча платосунан башталып, көбүнчө Жаңы Кастилия бөксөтоосундагы кууш жана терең өрөөн аркылуу агат да, Атлантика океанынын Кадис булуңуна куят. Орто чыгымы 80 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Ири Сихара суусактагычы, ГЭС курулган. Төмөнкү агымында кеме жүрөт. Боюнда Бадахос шаары (Испания), чатында Вила-Реал-ди-Санту-Актониу (Португалия) порту жайгашкан.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/4/41/Guadiana_river.jpg/640px-Guadiana_river.jpg)