![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c0/Turpan-gaochang-d10.jpg/640px-Turpan-gaochang-d10.jpg&w=640&q=50)
Гаочан
From Wikipedia, the free encyclopedia
Гаочан — Түркстандагы байыркы шаар. Гаочандын тарыхы гунндардын доорунан башталат. Биздин замандын 1-кылымында түндүк гунндар Чыгыш Түркстанда өздөрүнүн саясий таасирин бекемдеген.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/c0/Turpan-gaochang-d10.jpg/640px-Turpan-gaochang-d10.jpg)
Хан империясы 2-кылымда гунндардан жеңилгенден кийин, батыш аймактардан узак мезгилге чейин ажырап калган. 3–4-кылымдарда Гаочан аймагы бирде Кытайдын, бирде көчмөн гунн урууларынын колуна өтүп турган. 397–401-ж. Хэси жана Гаочан аймагында гунндардын башчысы Цзюйцюй Менсюн Түндүк Лян династиясын негиздеген.
460-ж. бул династия жуан- жуандар тарабынан кыйратылган. Бул аймакта ошол эле учурда, гунндар менен көчүп келген ашина түрк-төрүнүн тарыхынын эрте мезгили (Ганьсу-Гаочан 3-к. 460-ж.) болуп өткөн.
Кийин Гаочан Чыгыш Түркстандын башка шаарындай эле, Батыш Түрк кагандыгынын карамагында болгон. 9-кылымдын 2-жарымында Гаочан Уйгур кагандыгынын борборлорунун бирине айланган. Гаочан шаарынын орду азыркы Турпан шаарынан 35 км түштүк-чыгышта жайгашкан.