From Wikipedia, the free encyclopedia
Галифакс, Xалифакс Канаданын Түштүк-чыгышындагы шаар. Жаңы Шотландия провинциясынын административдик борбору. Калкы 263,5 миң (2006; шаар айланасы менен 375,3 миң). Жолдор тоому. Атлантика океанындагы тоңбогон бухтадагы ири деңиз порту (14 млн о жүк ташылат; негизинен нефть импорттолот). Эл-аралык аэропорту бар. 1749-ж. негизделген. 1842-жылдан шаар. Чеп (1828-56, саат мунарасы менен, учурда Аскер музейи), мунара (1796 -97), өкмөт үйү, университеттер (андан ичкери король коллежи, техникалык, искусствожана башка), океан изилдөө борбору, музейлер, сүрөт галерея, театрлар бар. Өнөржайынын башкы тармагы кеме куруу жана нефть ажыратуу. Ошондой эле автомобиль куруу, электроника, эмерек, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып, беленделет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.