From Wikipedia, the free encyclopedia
Виолончель (итал. violoncello кичирейтүү, violone контрабас) – скрипка түркүмүнө кирген бас-тенор регистриндеги жаалуу тартма, 4 кылдуу музыкалык аспап. Жалпы узундугу 1550-1560 мм, турпатынын узундугу 760 мм. Кылдары квинтага күүлөнөт. Диапазону 5 октавага жетет. Ансамблде, оркестрде (айрыкча симфониялык оркестрде 12ге чейин) жана жеке номерлерди аткарууга колдонулат. 16-кылымдын башында пайда болгон. 17-18-кылымдарда италиялык усталар А. Амати, Ж. Гварнери, орус усталары И. А. Батов, Е. Ф. Витачек, Т. Ф. Подгорный ж. б. Виолончелдин мыкты үлгүлөрүн жасашкан. Композиторлор И. С. Бах, Л. Бетховен, Э. Григ, Ф. Шопен, П. И. Чайковский, Д. Д. Шостакович ж. б. В. үчүн концерттерди, сюиталарды, сонаталарды жазышкан.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.