Винсент Ван Гог
From Wikipedia, the free encyclopedia
Винсент Виллем Ван Гог (нидерланд тилинде Vincent Willem van Gogh, 30 март 1853, Түндүк Брабант, Грот-Зюндерт, Нидерланддар — 29 июль 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз, Франция) — бүткүл дүйнөгө атагы чыккан нидерланддык сүрөтчү. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881-85-жылы Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. 19-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психол. образдарды түзгөн. 1886-88-жылы Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде «Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880жылдар Baн Гогдун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи) жана башка көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Baн Гогдун чыгармачылыгынан европа маданиятынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана 19-кылымдагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдин кризиси даана байкалат.
Винсент Ван Гог | |
| |
Туулган жылы: |
30 -март 1853(1853-03-30) |
---|---|
Туулган жери: |
Грот-Зүндерт, Нидерланддар |
Каза болгон жылы: |
29 -июль 1890(1890-07-29) (37 жаш) |
Каза болгон жери: |
Овер-сүр-Уаз, Франция |
Ишмердүүлүгү: | |
Жарандыгы: |