Вики Жерди Сүйөт
фотосүрөттөр жарышы / From Wikipedia, the free encyclopedia
Вики Жерди Сүйөт ( англисче Wiki Loves Earth же кыскача ВЖС) — жыл сайын май жана июнь айларында дүйнө жүзү боюнча Wikipedia коомчулугунун мүчөлөрү тарабынан Wikimedia Фондунун жергиликтүү филиалдарынын колдоосу менен уюштурулчу эл аралык фотосүрөт конкурсу. Катышуучулар өз өлкөлөрүнүн жергиликтүү жаратылыш мурастарын жана кооз пейзаждарын сүрөткө тартып, Wikimedia Commons сайтына жүктөшөт.
«Wiki Loves Earth» эл аралык фото сынагынын мааниси жана максаты - корголуучу жаратылыш аймактарын (коруктарды, запаведниктерди, улуттук парктарды ж.б.) сүрөткө тартуу. Катышуу шартын жеңилдетүү үчүн үчүн ар бир өлкөнүн катышуучуларына жогорудагыдай аймактардын атайын тизмеси сунушталат. Бул сынак жөн эле сынак эмес, анын тарбиялык, маданий жана маалыматтык мааниси чоң. Бул сынактын аркасында дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар биздин планетанын флорасы жана фаунасы, жаратылыш ландшафттарынын кооздугу жана көп түрдүүлүгү жөнүндө, жаратылышты коргоо жаатындагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер жөнүндө жаңы билимге ээ болушат.