Википедия
эркин мазмундагы көп тилдүү онлайн энциклопедия / From Wikipedia, the free encyclopedia
Википедия (англ. Wikipedia, [ˌwɪkɪˈpiːdɪə] деп окулат) ― Викимедиа фондунун көп тилдүү, эркин лицензиянган жана вики принцибинде ыктыярчылар тарабынан жазылуучу интернет энциклопедиясы[4]. Маалыматтардын көлөмү жана тематикалык ар түрдүүлүгү боюнча адамзат тарыхындагы эң көлөмдүү энциклопедия болуп эсептелип, дүйнөдөгү эң көп окулуучу сайттардын ондугуна кирет[3][5][6].
Википедиянын логотиби ― жазуу тутумдарынын глифтерин чагылдырган глобус. | |
URL: | https://www.wikipedia.org |
---|---|
Урааны | Ар ким оңдой ала турган эркин энциклопедия |
Коммерциялыкпы? | жок |
Сайттын түрү | Интернет энциклопедия |
Катталуу | Милдеттүү эмес.[notes 1] |
Жеткиликтүү тилдер | 287 тилде |
Колдонуучулары | (2015 июнь) 71,049 жигердүү редактор.[1]l[notes 2] Түзүлгөн эсептердин жалпы саны - 26,014,271 |
Мазмундун лицензиясы | Creative Commons licenses CC Attribution / Share-Alike]] 3.0 Тексттердин көбү дагы GFDL лицензиясында; медиа лицензиялар ар түрдүү. |
Ээси | Wikimedia Foundation |
Түзгөн | Уэйлс, Жимми, Ларри Сэнгер[2] |
Ачылган күнү | 2001-жылы 15-январь |
Alexa ранкинги | 7[3] (August 2015[update]) |
Азыркы абалы | иштейт |
Википедия 2001-жылдын 15-январында Жимми Уэйлс жана Ларри Сэнгер тарабынан ишке киргизилген. Аталышы «wiki» (гавай тилинен «ылдам») жана «encyclopedia» (англис тилинен «энциклопедия») сөздөрүнүн айкалышынан түзүлгөн[7][8].
Бүгүнкү күндө англис тилдүү Википедия 335 тилдеги Википедиянын арасынан 6,7 миллиондон ашуун макаласы менен өзгөчөлөнөт[9].
2014-жылдын ноябрь айына карата, Википедияга жалпысынан 19 миллион колдонуучу катталган[10]. Булардын 69 миңи жигердүү салым кошуучулар[11].