![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/96/Vancouver_photo_montage.jpg/640px-Vancouver_photo_montage.jpg&w=640&q=50)
Ванкувер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ванкувер — Канаданын Түштүк-батышындагы шаар. Британия Колумбиясы провинциясында. Калкы 1,8 млн (2006; агломерациясында 2,1 млн).
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/9/96/Vancouver_photo_montage.jpg/640px-Vancouver_photo_montage.jpg)
Ванкувер — провинциянын илимий, маданий, ишкердик жана туристтик борбору. Өлкөнүн Тынч океандын жээгиндеги ири деңиз порту (жылына 76,5 млн о жүк ташылат). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1870-жылы пайда болгон Гранвилл тургун жайы 1886-жылы шаар статусуна ээ болуп, Тынч океандын жээгин иликтеген (1792) англисче деңиз сүзүүчүсү Ж. Ванкувердин ысымынан аталган. 19-кылымдын аягынан В. Канаданын ири чарба борбору. Шаарда 19-кылымдын аягы — 20-кылымдын башында түз көчөлөрдүн жыш тармагы, көптөгөн парктар, жаңы классика стилиндеги турак-жайлар, болоттон асма көпүрө (1939) курулган. Университеттер, музейлер, сүрөт галерееясы, театрлар бар. Улуттук искусство борбору. Жыл сайын эл аралык кинофестиваль жана 2 жылда бир даректүү фильмдердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Канаданын ири өнөр жай борборлорунун бири. Кеме куруу, жыгаччылык, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн.