ВКонтакте
From Wikipedia, the free encyclopedia
"ВКонтакте" (эл аралык аталышы VK) - башкы пункту Санкт-Петербургда жайгашкан Европадагы эң ири коомдук түйүн. Сайт көп тилдерде жеткиликтүү, орус тилдүү колдонуучулар арасында өзгөчө популярдуу. "ВКонтакте" колдонуучуларга кат жөнөтүү, топ, ачык баракча түзүү, окуя, сүрөт, аудио, видео, тег бөлүшүү жана браузердик оюндарды ойноо мүмкүндүгүн берет.
ВКонтакте компаниясынын логотипи | |
URL: |
vk.com (2012-жылдын Үчтүн айынын 26сына чейин — vkontakte.ru |
---|---|
Коммерциялыкпы? | Ооба |
Сайттын түрү | Социалдык тармак |
Катталуу | Бекер |
Жеткиликтүү тилдер | Орус тили,Англис тили жана 67 башка локализациялар |
Колдонуучулары | 314.7 млн колдонуучу/айына |
Ээси | Орусия: ООО «В Контакте»(ээси: VK.Com Holdings Ltd) |
Түзгөн | Павел Дуров |
Ачылган күнү | 2006-жылдын Тогуздун айынын 10нан тарта |
Кирешеси | ▲516,5 млн руб. (2011 жыл, РСБУ) |
Сервердин жайгашкан жери | Орусия |
Азыркы абалы | Иштеп жатат |
2006-жылы 10-октябрда ишке кирген ресурс адеп өзүнө студентерге жана Орусиянын жождордун бүтүрүүчүлөрүнө арналган коомдук түйүн деп орун белгилеген. Кийинчерээк өзүн "түйүндө байланышуунун заманбап, ылдам жана эстетикалуу жолу" деп атаган. 2017-жылдын август айындагы маалыматка ылайык, орточо суткалык аудиториясы 80 миллиондон ашат; 410 миллиондон ашык колдонуучу катталган. SimilarWebтин 2017-жылдын август айындагы маалыматтарына ылайык "ВКонтакте" популярдуулук боюнча дүйнөдө 5-орунда турат.
Кеңселери Санкт-Петербургда жана Москвада жайгашкан (2017-жылдын июнь айына чейин Киевде да болгон). 2017-жылдын февраль айында "ВКонтакте"-нин башкы аткаруучу директорлугуна (СЕО) Андрей Рогозов дайындалган.