Бөлүкчө
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бөлүкчө — өз алдынча турганда лексикалык мааниге ээ болбогон ,айрым сөздөргө же сүйлөмдөргө ар түрдүү кошумча маани киргизүү үчүн колдонулган кызматчы сөздөр . Алар семантикалык, морфологиялык, синтаксистик белгилери боюнча өз алдынча кызматчы сөз түркүмү болуп калыптанган. Бөлүкчөлөр кызматчы сөз түркүмү болгондуктан, сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарбайт.