![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a2/Cours_du_Bug_occ.png/640px-Cours_du_Bug_occ.png&w=640&q=50)
Буг Батыш
From Wikipedia, the free encyclopedia
Буг Батыш, Батыш Буг – Польша, Украина, Беларуссия аркылуу аккан дарыя, Висланын оң куймасы. Узундугу 831 км, алабынын аянты 73,5 миң км2. Негизинен Мозовец-Подляс ойдуңу менен агат. Негизги куймалары: Мухавец, Нарев (польшалык жана немистик айрым эмгектерде Буг Наревдин куймасы делинет). Чатынан 315 кмге чейин кеме жүрөт. Припять жана Неман дарыясы менен каналдар аркылуу туташат. Боюнда Брест шаары орун алган.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a2/Cours_du_Bug_occ.png/320px-Cours_du_Bug_occ.png)