From Wikipedia, the free encyclopedia
Биосферадагы глобалдык проблемалар - жаратылыш чөйрөсүнүн, табигый-антропогендик жана накта антропогендик (экономикалык, социалдык ж. б.) кубулуштар менен байланышкан жана азыркы коомдун тарыхый өнүгүүсүндө пайда болуп, өзүнүн таасир этүү масштабы боюнча планеталык деңгээлге жеткен экономикалык, саясий, социалдык, биологиялык, техникалык, технологиялык системалардын, ошондой эле аларды чечүү үчүн бүткүл дүйнөлүк аракеттенүүнү талап кылган проблемалар жыйындысы. Азыркы учурда негизги глобалдык проблемаларга: ядролук коркунуч, экологиялык кризис, иммун жетишсиздик ооруусунун синдрому (ИЖОС «СПИД») эпидемиясы, саламаттык сактоо абалы, дүйнө калкынын санынын кескин өсүшү, сабатсыздык, экономикалык кризис, азык-түлүк, каадасалттарды жокко чыгаруу, конверсия жана терроризм проблемалары кирет. Бул глобалдык проблемалардан 20-кылымдын аягында экологиялык проблемалар айрыкча курч мүнөзгө ээ болду. Алар адамдын жаратылышка жана өзгөргөн табияттын кайра адамга таасир этиши менен байланышкан. Кескин антропогендик таасирге дуушар болгон чөйрө, белгилүү бир чекке жеткенде кайтарылгыс мүнөзгө жетип, өзүнүн калыбына келүү жөндөмүнөн ажырайт. Бул болсо тиричиликтин табигый шартын бузат. Азыркы учурдагы глобалдык экологиялык проблемаларга дүйнөлүк океандын булганышы, минералдык ресурстардын түгөнүшү, озон катмарынын жукарышы (озон тешиги), өсүмдүк менен жаныбарлар түрлөрүнүн жоголушу, климаттын глобалдык деңгээлде жылышы (парниктик эффект), эл аралык кырсык каптаган аймактардын (Арал, Чернобыль, Амазонка токойлору ж. б.) пайда болушу, кылым оорулары (ИЖОС, рак жана башкалар) кирет. Дүйнөлүк океандын булганышы биринчи кезекте антропогендик зыяндуу заттардын (нефть, көмүртектүү суутек бирикмелери, пестициддер, оор металлдар, детергенттер, радионуклиддер жана башкалар) океан акваториясына түшкөнү боюнча эсептелинет. Зыяндуу заттар деңизге жана океанга дарыя агымдары, атмосфералык аба (таштандыларды дениздерде жок кылууда), деңиз транспортунун жана танкерлердин авариясында келип түшөт. Атмосфера аркылуу айрыкча биогендик компоненттер, органика-синтетикалык бирикмелер (көмүртектүү суутек бирикмелери, дихлордифенилтрихлорэтон ДДТ, полихлордуубифенилдер ПХБ жана башкалар) океанга кошулат. Океанга жылына 30 миңдей ар түркүн химиялык бирикме (1,2 млрд т га жакын) түшөт. Сууларда болжолдуу 500 миң т ДДТ бар экендиги катталган. Хлорорганикалык бирикмелер жогорку биоаккумуляциялык жөндөмгө 15* жана кескин токсиндик эффектиге ээ болуп, глобалдык деңгээлде таралган. Орус окумуштуусу Ю. А. Израель жана башка билдиргендей, дүйнөлүк океандын булганышына антропогендик салым болжолдуу төмөнкүдөй: коргошун үчүн 92%, сымап 70%, кадмий 50%, нефть бирикмелери 88% жана ПХБ менен пестициддер 100%. Деңиз экосистемаларына айрыкча коркунучту 3,5 млн т нефть бирикмелеринин түшүшү туудурат. Булардын ичинен танкер флоту нефть көмүртектүү суутек бирикмелеринин көбүн берет. Анын ичинен 1,46 млн т нефть бирикмелеринин 10%и танкерлердин авариясына таандык. Океанда нефть бирикмелеринин концентрациясы түрдүү аймактарда түрдүүчө: Жер ортолук деңизде 0-950 мкг/л, Түндүк деңизде 0350 мкг/л, Атлантика океанында 0-160 мкг/л ж. б. Дүйнөлүк океанга дайыма жасалып туруучу басым деңиз экосистемаларынын деградациясына жана экологиялык оор кырдаалга алып келип отурат. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, сууга түшкөн нефтинин кичине эле концентрациясы мидиялар менен кош капкалуу моллюскалардын өсүү ылдамдыгын басаңдатып, гидробионттордун көбөйүшүн азайтат. Ошондой эле планктондун түшүмдүүлүгүн кыскартып турат. Ал эми пестициддер (ДДТ) менен деңиз чөйрөсүн булгоо, деңиз сүт эмүүчүлөрүн ар түрдүү ооруларга чалдыктырып, морфологиялык терс натыйжага (балыктарда шишиктердин пайда болушу, омурткаларынын жана сүзгүчтөрүнүн өзгөрүшү, ошондой эле устрицалардын, креветкалардын вирустар аркылуу оорушу жана башкаларга) алып келет. Мунун бардыгы айланып отуруп адамдын денсоолугуна терс таасирин тийгизет. Озон катмарынын жукарышы негизинен антропогендик факторлордун фреондорду жана азот бирикмелеринин атмосферага бөлүнүшүнөн (үн ылдамдыгынан жогору болгон ылдамдыкка ээ болгон учуучу жана космос аппараттарынын органикалык отунду толук күйгүзбөшүнөн) пайда болгон (к. Озон тешиги). Парниктик эффект проблемасы болсо жербетиндеги климаттын жылый башташы менен байланышкан. Бул кубулуш антропогендик кошулмалар (СО2, СН4, О3, азот кычкылы, фреондор) көбөйүшүнүн негизинде болуп жатат. Ал эми кислоталуу жаан-чачын проблемасы антропогендик таасирлердин натыйжасында атмосферанын күкүрттүн диоксиди жана азоттун оксиди аркылуу булганышынан пайда болгон.
1. Табигый геохимиялык аномалиялар табигый заттардан турат да организмдер узак убакыттагы эволюциянын натыйжасында аларды “таанып билүүгө” жана коргонууга үйрөнүшкөн.
2. Токсикалык заттарды сууга, топуракка көмүп салуу зарыл чара эмес аргасыз чара болуп эсептелет.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.