![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/b/ba/Kodiakbeer.jpg/640px-Kodiakbeer.jpg&w=640&q=50)
Барт (аюу)
From Wikipedia, the free encyclopedia
Барт аюу (англ. Bart the Bear) - Голливуддагы атактуу жаныбарлардын бири. Ал «Аюу», «Ак азуу», «Күз уламышы» сыяктуу тасмаларга тартылып, Стивен Сигал, Брэд Питт өӊдүү актёрлор менен тасма талаасында «кесиптеш» болгон. Аюу-актёр өзүнүн 17 жылдык чыгармачылыгында 12 толук метраждуу тасмага көрк кошуп, кожоюну Дуглас Суска 6 миллиондон ашуун доллар киреше таап бергенге үлгүргөн. Айта кетсек, 70-ирет «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземинде Барт сахнага жеӊүүчүнүн ысымы жазылган жыгач конвертти тиштеп чыкканда алпаруучу Майк Майерс анын жанына баруудан коркуп, айласы куруган. Тилекке каршы, Барт 2000-жылы 23 жашында өзү тууралуу тасмага тартылып жатканда оорудан өлгөн.
Барт аюу | |
Bart the Bear | |
![]() | |
Түрү: |
Күрөң Аюу кадьяк түрү |
---|---|
Жынысы: |
Эркек |
Туулган датасы: |
19 -январь 1977(1977-01-19) |
Туулган жери: | |
Каза болгон датасы: |
10 -май 2000(2000-05-10) |
Каза болгон жери: |
Парк Сити, штат Юта |
Өлкө: | |
Кожоюну: |
Дуглас Сус |
Жумуш түрү: | |
Активдүү жылдары: |
1981-2000 |
IMDb: | |
http://bartbear.tripod.com |