Бантенг
From Wikipedia, the free encyclopedia
Бантенг (лат. Bos javanicus) — ача туяктуулар тукумундагы жапайы уй. Тулкусунун уз. 2 м, бийикт. 1 м, өңү күрөң, мүйүзү 40-50 см. Жаш Бантенгдин мүйүзү тайтагай, чоңунуку ич жагына ийрейип, кайкайыңкы келет. Анын жапайысы Малакка, Индикытай жаңы аймагында жана Малайя архипелагында кездешет. Ал түз жерлерде жана токойлуу тоолордо (деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикке чейинки) жашайт. Саны азаюуда, ТКЭСтин кызыл китебине катталган. Бакмасы бали малы деп аталып, эти үчүн гана багылат.