Советтик жана Кыргызстандык актёр, режиссёр, драматург From Wikipedia, the free encyclopedia
Бакы Өмүралиев – драматург, театр артисти, киноактер Кыргыз Республикасынын адабиятына жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер.
Бакы Өмүралиев | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Бакы Өмүралиев |
Туулган жылы: | 1932-жыл |
Өлгөн жылы: | 2003-жыл |
Туулган жери: | Жаны-Арык айылы, Жумгал району, Кыргызстан |
Өлгөн жери: | Бишкек шаары,Кыргызстан |
Сөөгү: | Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан |
Өлкө: | СССР→<noinclude> Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | драматург, театр артисти, киноактер |
Наамдары: |
Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер |
Бакы Өмүралиев Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылында 1932-жылы 1-январда туулган.
Ата-энесинен эрте ажырап, 1941-жылдан 1949-жылга чейин Чаектеги балдар үйүндө тарбияланган. 1951-жылы Чаек орто мектебин аяктаган. 1955-жылы Ташкент шаарындагы А.Островский атындагы театр өнөрү институтун бүтүргөн. Ал эми 1973–1975-жылдардын ичинде чейин Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
1955–1973-жж. чейин Б.Өмүралиев Кыргыз академиялуу драма театрында актер, 1975–1984-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын катчысы жана адабий кеңешчиси болуп, 1986-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин системасында эмгектенген.
Б.Өмүралиев адабий чыгармачылык менен 1960-жылдан баштап алектене баштаган. Ал «Ата сөзү – ар намыс», “Унутулгус күндөр», «Мен билем, тоолор билет», «Жаңырык», «Жолчубектин көпүрөсү» ж.б. пьесаларды жараткан жана аларды «Жаңырык» аттуу тандалма пьесалардын жыйнагына киргизип басып чыгарган.
Б.Өмүралиев кийинки жылдары Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча балдар үчүн «Найман эне», «Бугу эне» деген пьесаларды жаратып, аларды көрүүчүлөр жылуу кабыл алган. «Найман эне» пьесасы 1996-жылы I7 өлкө катышкан Ташкент фестивалында башкы сыйлык Гран-Прини жеңип алган.
«Мансуровдун үй-бүлөсү» пьесасы Советтик драматургиянын үлгүсү катары Москвада басылып чыккан бир томдукка кирген.
Анын «Мен билем, тоолор билет» аттуу драмасы орус, украин тилдеринде жарык көргөн. Б.Өмүралиевдин калемине Кыргыз мамлекеттик искусствосунун өсүшүндөгү көйгөйлөргө, кыргыз театрынын жана кино искусствосунун көрүнүктүү ишмерлеринин чыгармачылыктарына арналган бир катар публицистикалык макалалар таандык.
1971-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1982-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү.
Ата сөзү – ар намыс
Унутулгус күндөр
Мен билем, тоолор билет
Жаңырык
Жолчубектин көпүрөсү
Шаа мүйүзү менен
Биринчи келгин
Эсирген ата – эрксиз кыз
Ырайымсыз ынтымак
Найман эне
Кыргыз тилинде
Жаңырык: Драмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1979. - 132 б.
Мен билем, тоолор билет: Драмалар. Ф.: Кыргызстан, 1982. 192 б.
Пьесалар. - Ф.: Кыргызстан, 1984, - 350 б.
Орус тилинде
Знаю я, знают горы: Драма. М.: ВУОАП, 1971. 60 с.
Башка элдердин тилдеринде
Знаю я, знают горы: Драма. Киев: 1972. 78 с. укр.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.