Ачыткы козу карын
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ачыткы козу карындар микроскопиялык бир клеткалуу козу карындар. Бүчүрлөө менен көбөйүшөт. Ачыткы коз карындар белок, углеводдор, В тобундагы витаминдерге бай. Нан ачыткыч козу карындардан үч жашка чейин балдарды кошумча тамактандырууда берилүүчү сүт даярдалат.
Дарылоо максатында түрдүү пиво ачыткылары колдонулат. Суюк пиво ачыткылары аз кандуулукта, зат алмашуу бузулганда, кайталап чыйкан чыкканда, В] витамини жетишпегенде жана башка пайдаланылат. Дарылоо максатында кээде кургатылган ачыткы таблетка колдонулат.