Ачык булактуу програмдык камсыздоо
From Wikipedia, the free encyclopedia
Ачык булактуу програмдык камсыздоо (англ. Open-source software, OSS) — булак коду ачык жеткиликтүү болгон компүтердин програмдык камсыздоосу. Ал автордук укуктун ээси программалык камсыздоону изилдөө, өзгөртүү жана каалаган кишисине, каалаган максатта бөлүшүү укугун берген лицензия аркылуу жеткиликтүү болот. Ачык булактуу програмдык камсыздоо биргелешкен коомдук тартипте иштелип чыгышы мүмкүн. Аны изилдеген окумуштуулардын айтымында, ачык булактуу програмдык камсыздоолор ачык кызматташтыктын көрүнүктүү үлгүсү болуп эсептелет[1].

Ачык булактуу програмдык камсыздоону иштеп чыгуу, же бир нече көз карандысыз булактардан биргелешип иштеп чыгуу - кайсы бир компания көп убакыттан бери иштеп чыгып, колдоого алган учурларга караганда, долбоорлоонун бир топ эле башкача чөйрөсүн жаратат. Standish Group фирмасынын 2008-жылдагы баяндамасында белгиленгендей, ачык булактуу програмдык камсыздоонун үлгүлөрүн өздөштүрүү, керектөөчүлөргө жылына болжолдуу эсеп менен 60 млрд АКШ долларын үнөмдөп калууга өбөлгө түзгөн[2][3].
Тарыхы
Шилтемелер
Wikiwand - on
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.