From Wikipedia, the free encyclopedia
Атыроо (каз. Атырау) — Казакстандын батышындагы шаар. Атыроо облусунун административдик борбору. Калкы 316 449 (2023)[1].
Орол дарыясынын боюнда жайгашкан. 1640-жылы Жайык дарыясынын (1775-жылдан Урал) чатында негизделген. Казактар «Үйшiк», орустар - Төмөнкү Жайык таш шаарчасы деп аташкан. 1734-жылы Гурьев деп аталган. 1810-жылы чеп жоюлган. 1868-жылы Орусия империясынын Урал облусундагы, 1924-28-жылдары Урал губерниясындагы (ОСФСРдын курамындагы Кыргыз, 1925-жылдан Казак АССРиндеги) шаар. 1928-30-жылдары Гурьев округунун, 1932-38-жылдары Батыш Казакстан облусунун, 1938-жылдын 15-январынан Гурьев облусунун административдик борбору; 1992-жылдан Атырау. Университет, мунай жана газ институту, Казак драма театры (1938-жылдан) бар. Заводдору: мунай ажыратуу, химиялык (полимер материалдар өндүрүшү), курулуш материалдар, тамак-аш (анын ичинен балык иштетүү жана көбөйтүү)[2].
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.