Атконок
From Wikipedia, the free encyclopedia
Атконок (Phleum L.) - дан өсүмдүктөр тукумундагы көп ж-а бир жылдык чөп. Европа, Азия, Африкада 15 түрү бар. Кыргызстанда 4 түрү (шалбаа, талаа, альп ж-а шыпыргы сымал атконок) өсөт. Бардыгы тоют өсүмдүк. Айрыкча (көп жылдык) шалбаа атконогу маанилүү. Бийикт. 140 смге жетет. Топгүлү - шыпыргы сымал чачык. Чымдуу, саздак, кара, боз топурактуу, кумдак жерде өсөт. Жакшы шартта 10 жыл бою мыкты түшүм берет. Шалбаа атконогу дан өсүмдүктөр м-н кошо эгилип, аралаш тоютка пайдаланылат. Баш алган учурда эки жолу чабылат. Альп атконогу бийик тоолуу жайытта өсөт. Аны бардык мал жакшы жейт.