![cover image](https://wikiwandv2-19431.kxcdn.com/_next/image?url=https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/85/Aranjuez_PalacioReal_PlazaToros.jpg/640px-Aranjuez_PalacioReal_PlazaToros.jpg&w=640&q=50)
Аранхуэс
From Wikipedia, the free encyclopedia
Аранхуэс (Aranjuez) - Испаниядагы шаар. Мадридден 47 км түштүктө, Тажо дарыясынын жээгинде жайгашкан. Калкы 45,1 миң (2005). Байыркы Рим мезгилинен белгилүү. 1387-1409-жылдарда Сантьяго орденинин Улуу магистринин резиденциясы, король сарайы, капелла, фонтан, статуялуу ажайып кооз бактары (Принц Багы), Рим императорлорунун мрамор бюсттарынын бай коллекциясы, чиркөө (1748), монастырлар (1765-80) бар. Аранхуэстин сарай-парк ансамбли (испан барокко стилиндеги эстеликтер) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Туризмдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жайы иштейт.
![Thumb image](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/85/Aranjuez_PalacioReal_PlazaToros.jpg/640px-Aranjuez_PalacioReal_PlazaToros.jpg)