From Wikipedia, the free encyclopedia
Антверпен, Анвер (фламандча Antwerpen, фр. Anvers; фламандча аталышы Aen’twert верфтин жанында) - Бельгиянын түндүгүндөгү шаар. Аты окшош провинциянын административдик борбору. Шельда дарыясынын жана Альберт каналынын боюнда, Түндүк деңиздин жээгине жакын жайгашкан. Калкы 451 миң (шаар айланасы менен 955 миң, 2004). Дүйнөдөгү эң ири порттордун бири (2002-жылы 132 млн о. жүк ташылган; Европада жүк айлантуу боюнча Роттердамдан кийин 2-орунда). Өлкөнүн ири соода, финансы жана башкы өнөр жай борбору. Түрдүү машина куруу (анын ичинен кеме куруу), түстүү металлургия, нефть ажыратуу, химия, нефть-хим, текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. Антверпен бриллиант сатуунун жана алмазды кырдоонун дүйнөлүк борбору. Королдук асем өнөр музейи (мында голландиялык сүрөтчүлөрдүн чыгармалары да чогултулган); П. П. Рубенстин үй музейи бар. 1920-жылы VII Олимпиадалык оюн өткөрүлгөн. 16-кылымдын 2-жарымында мааниси боюнча Европадагы 1-соода жана кредит борбору болгон. Стен сепили (16-кылымда соңку готика стилинде кайра курулган) сакталган.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.