From Wikipedia, the free encyclopedia
Анжыян (өзб. Andijon/Андижон) - Өзбекстандагы шаар, Анжыян облусунун административдик, маданий жана экономикалык борбору.
Отурукташкан жай
Анжыян
|
Дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири болгон Анжыянга 2500 жылдан ашкан. Шаардын айрым жерлеринен биздин замандын 7-8-кылымдарына таандык археологиялык буюмдар табылган. д.
Баргана өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы 362,6 миң (2003). Темир жол түйүнү. Аэропорт бар. 9-кылымдан Андукан деген ат менен белгилүү болуп, Саманид, Караханид, Монгол Тимурид, Бухара жана Кокон хандыктарынын курамына, 1876-жылы Орус империясынын курамына кирген. 1898-жылы Анжыян көтөрүлүшүнүн башкы борбору болгон. Өзбекстандагы маанилүү өнөр жай борбору. Машина куруу (электротехника, ирригация жабдуулары), жеңил (кебез-кездеме, бут кийим, трикотаж, тигүү), тамак-аш-татымал өнөр жайы; гидролиз жана 2 пахта заводу бар. Төрт ЖОЖ, тарыхый-крайтаануу музейи, медресе, Жами минарети (19-кылымдын аягы), музыкалык-драма (1919), «Лола» куурчак жана Жаштар театры иштейт.
Seamless Wikipedia browsing. On steroids.
Every time you click a link to Wikipedia, Wiktionary or Wikiquote in your browser's search results, it will show the modern Wikiwand interface.
Wikiwand extension is a five stars, simple, with minimum permission required to keep your browsing private, safe and transparent.