Алтыгана
From Wikipedia, the free encyclopedia
Алтыгана, төө куйрук (лат. Caragana Fabr.) — өсүмдүктүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бадал, бийиктиги 1-2 м, кабыгы боз, сары, күрөң ж.б. Жалбырагы канат сымал татаал кесилген, жан жалбырагы, жалбырак сабы тикенге айланган. Гүлү сары же кызгылт, эки жыныстуу, жалгыздан же 2-5 гүлү бар боочону түзөт, мөмөсү - чанак, анын узундугу 3-4 см, түктүү же түксүз. Май айынан баштап гүлдөй баштайт. Кургак сайда, шагыл таштуу капчыгайда, өзөн суулардын жээгинде 80дей Орто Азия, Кытай, Монголия, Жунгария, Кашкарияда кездешет. Кыргызстандын бардык райондорунда 14 түрү таралган.